7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага баштаган эл өкүлдөрү Кореядагы кыргызстандыктар менен жолугушту (ФОТО)

516

Бүгүн, 20-февралда төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кореядагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдөгү кыргызстандыктар менен жолугушту.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев мекендештер менен жолугуу расмий иш сапарындагы негизги пландарынын бири болгонун белгилеп, “Эгемендүүлүк алган 30 жыл ичинде жетиштүү жумуш орундары түзүлбөгөндүктөн жана экономикабыздын чабалдыгынан көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөлөргө иш издеп кеткени анык. Алар бул мезгил аралыгында өзүн жана үй-бүлөсүн гана бакпастан, мамлекетибизге ар тараптуу көмөк көрсөтүп келишет. Андыктан, эмгек мигранттарынын экономикабызга кошкон салымы өтө чоң”, – деди.

Муну менен катар иштегенден тышкары, миңдеген улан-кыздар чет өлкөдө билим алып жатканын айткан төрага, “Экономикалык өсүүнүн эң жогорку темпин көрсөткөн, ири индустриалдык мамлекетте иштегендер менен катар окугандар да арбын экени кубандырат. Айрыкча Сеул – Чыгыш Азиянын алдыңкы финансылык борбору экенин эске алганда, бул мамлекеттен үйрөнө турган артыкчылыктар көп. Буга байланыштуу Кореянын заманбап жетишкендиктерин да өздөштүрүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошосуңар деген ишеничтемин. Анткени, көпчүлүк өнүккөн мамлекеттердин тарыхына кайрылсак, чет жерден алынган тажрыйба чоң таасир бергени байкалат”, – деди.

Андан тышкары, Нурланбек Шакиев Кыргызстанда жасалып жаткан иштерге токтолуп, экономиканы жогорулатуу, калк турмушун жакшыртуу, мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо жаатындагы реформалар тууралуу учкай маалымат берди. Ошону менен катар кыргыз-корей кызматташтыгынын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, Алтай тектүү эки элдин алакасы жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Алсак, жолугушуу алкагында Кореядагы мекендештер арасында ынтымакты бекемдеп, кыргыз маданиятын жайылтууда зор эмгек жумшап келе жаткан айрым кыргызстандыктарга Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар тапшырылды. Төрага Нурланбек Шакиев иш-чарага катышкан Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Айсулуу Аширалиеваны мисал кылып: “Буйруса, ишиндеги ийгиликтери менен чет өлкөнүн жарандарынын да ишенимине ээ болгон улан-кыздарыбыз арбый берсин”, – деген тилегин билдирди.

Баарлашуу суроо-жооп иретинде уланып, консулдук-укуктук жана башка көйгөйлүү маселелер талкууланды. Айрыкча, виза алууда, акча которууда жана жүк жөнөтүүдө тоскоолдуктар арбын экени белгиленди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

517