7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баасы 500 миң сомду түзгөн 2 жылкыны сатуу учурунда 23 жаштагы жигит кармалды

886

Жайыл районунда эки баш жылкы уурдап, аны сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-февралда милицияга арыз менен Р.У. аттуу жаран кайрылган. Анда, Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан мал сарайдын ичинен жалпы баасы 500 000 сомду түзгөн эки баш айгырын жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт Жайыл РИИБне катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинде көрсөтүлгөн (уурулук) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында 1999-жылы туулган А.Э. аттуу жаран уурдаган айгырларды сатууга аракет жасап жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдалган айгырлар кылмыш иши боюнча буюм далили деп табылып, ээсине тил кат аркылуу кайтарылып берилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

887