Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.
Жыйында Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова шаурманы мамлекеттик тилге которууну сунуштап, «1990-жылдардан кийин Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларында менюдагы бардык тамактар кыргыз тилине которулган. Ошто өзгөртө албай койдук. Бишкекте менюлардын тамгалары да, аттары башка. Мисалы, бизде «жупка» деген сөз бар. Азыр шаурма оромо дешет. Эмне үчүн менюда ошол эле шаурманы “жупка оромо” деп атай албайбыз? Жазмалардын баарын кандайдыр бир деңгээлде оңдобосок, келечектеги балдарыбыздын билимсиздиги жогорулап кетет»,- деди.