7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

8-класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү жаңы программа киргизилет

3

2026–2027-окуу жылынан тартып Кыргызстандагы мектептерде 8-класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү жаңы окуу программасы киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы программа жумасына эки сааттан окутулат. Анын алкагында окуучулар ар кандай кесиптер жана билим берүү багыттары менен таанышып, жалпысынан 14 профилге чейинки программаны өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Жаңы сабактардын негизги максаты- окуучуларга өз кызыгуусун жана жөндөмүн эске алуу менен жогорку класстарда кайсы багытта билим аларын аң-сезимдүү тандоого көмөк көрсөтүү. Окутуу кыска мөөнөттүү модулдар аркылуу жүргүзүлөт.

Программанын соңунда окуучулар кесипке багыт берүүчү тесттен өтүшөт. Анын жыйынтыгы алардын жөндөмүнө жана кызыгуусуна жараша жогорку класстарда кайсы предметтерди тереңдетип окууну тандоого жардам берет.

4