7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түштүк магистралдын бир бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу толугу менен жаңыртылды

216

Бишкек шаарындагы Түштүк магистралдын бир бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу системасы жаңыланып, жаңы энергияны үнөмдөөчү чырактар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, А. Масалиев проспектисинин Чортеков көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки 4 чакырымдан ашык тилкесинде жарыктандыруу тармагы толугу менен жаңыртылды.

Долбоордун алкагында 180 жаңы жарык берүүчү мамы орнотулуп, 360 заманбап энергияны үнөмдөөчү чырак пайдаланууга берилди.

Мэриянын маалыматына караганда, жаңы жарыктандыруу системасы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, аймактын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

217