7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын транспорт министри Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен таанышат

315

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобоев Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамовду Манас шаарындагы темир жол станциясынан тосуп алды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 28-29-июль күндөрү эки өлкөнүн транспорт тармагына жооптуу министрлери Кыргызстанда курулуп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун негизги объектилерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Иш сапардын алкагында тараптар туннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инфраструктуралык объектилердин курулушун жеринен көрүп, иштердин аткарылыш темпин жана алдыдагы милдеттерди талкуулашат.

 

316