Бишкекте 1-декабрь күнү Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде «Жаңыртуу» жана «Явна» фонддору тарабынан уюштурулган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын эмгектеринин көргөзмөсү өтөт.
Көргөзмөдө колдонмо искусствосунун ар кандай ыкмалары көргөзүлөт: кол менен жасалган кооз куурчактар, кийизден жана текстилден жасалган панно, сувенирлер, сүрөт, графика, квиллинг (спираль түрүндө кагаз тилкелеринен фигураларды жасоо), пластилинден жана чоподон жасалган буюмдар ж.б.
Көргөзмө 1-декабрда саат 15: 00дө ачылат жана 15-декабрга чейин уланат.
Инклюзивдик чыгармачылыкка арналган иш-чара “Жаңыртуу” коомдук кайрымдуулук фондунун 15 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарат.
«Биз мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жетишкен натыйжалары, ийгиликтери жана сонун эмгектери менен бөлүшкүбүз келет. Ар бир бала өзүнчө жөндөмдүү, бул дүйнөгө өзүнүн кайталангыс, жеке мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүктөрү менен келет. Биздин милдетибиз — балдардын талантын ачып, алардын кыялдарын ишке ашырууга жардам берүү», — дейт уюштуруучулардын бири.