7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Белгилүү футболчу Марадонанын өлүмүнө анын жеке дарыгери шектелүүдө

359


«Аргентинанын прокуратурасы футболчу Диего Марадонанын өлүмү боюнча жеке дарылоочу дарыгери, 39 жаштагы Леопольдо Лукага күнөө койду», — деп маалымдайт Meduza басылмасы «Todo Noticias» телеканалына шилтеме берип.


Дарыгери адам өлтүрүү, жардам көрсөтпөө жана бейтапты кароосуз калтырган деп шектелүүдө. Тергөө Луканын иш-аракеттерине жана квалификациясына күмөн санаган Марадонанын кыздарынын көрсөтмөсүнөн кийин башталды.


Тергөөнүн алкагында полиция кызматкерлери дарыгердин үйүнө жана кеңсесине тинтүү жүргүзүп, уюлдук телефондорду, компьютерлерди жана медициналык карталарды, анын ичинде Марадонанын оорусу тууралуу тарых баракчасын таап алышкан.


Белгилей кетсек, Аргентиналык футболчу жана машыктыруучу Диего Марадона 25-ноябрда 60 жаш курагында көз жумду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

360