7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык уюмдардын жетекчилери кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

781

Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты.

«Нооруз маданий көп түрдүүлүктү сактоодо жана элдердин жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Кубануу менен белгилей кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин активдүү катышуусу менен Эл аралык Нооруз күнү жөнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясынын кабыл алынышы — бул майрамдын маанисин глобалдык деңгээлде таануусун айгинелейт», — деп Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Миндин куттуктоосунда айтылат.

“Эзелтеден жаздын жана жаратылыштын жанданышынын жарчысы, тынчтыктын жана берекенин символу болуп келген, биримдиктин жана ынтымактын духун бекемдеген Нооруз майрамы менен Сизди чын дилимден куттуктайм”, — деп Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин куттуктоосунда айтылат.

«Биз Кыргызстандын регионалдык коопсуздукту чыңдоодогу олуттуу ролун жана Сиздин евразиялык мейкиндикте туруктуулукту камсыз кылуунун натыйжалуу куралы катары биздин Уюмдун алдыга багытталган өнүгүшүнө кошкон зор салымыңызды жогору баалайбыз», — деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун  куттуктоосунда айтылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

782