Сауд Аравия Королдугунун королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд президент Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Нооруз майрамына карата Улуу Даражалуу Сизди чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоодо.
Сауд Аравиянын Мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да куттуктоосун жолдоду.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байден президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз — жаз майрамы менен куттуктады.
«Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын эли менен бирге бул күндү жакындары менен чогулуп, өткөнгө ой жүгүртүп, келечекке болгон үмүттөрүн кайрадан карап чыккан жаздын келишин куттуктайт. Азыркы жаңы перспективалар мезгилинде биз өкмөттөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү жана элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө умтулуубузду дагы бир жолу ырастайбыз. Нооруз майрамыңыз кут болсун!” — деп айтылат куттуктоодо.
Ошону менен бирге Джо Байден Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Рамазан айы менен куттуктады.
Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Сизди байыркы Нооруз майрамынын – жаратылыштын кайра жандануу мезгилинин келиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн миңдеген жылдар бою сүйүүнүн жана боорукердиктин символу болуп, жүрөктөрдү ойготуп, жаңылануунун жарчысы катары келе жатат. Куттуу майрам элдерибиздин жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келип, жалпы тарыхый жана маданий байланыштарды эске салып, аны менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди кеңейтип, тереңдете алабыз, деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.
Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос жана боордош Кыргызстандын элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.