7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШ өлкөлөрү кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

391

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз — жаратылыштын кайра жаралуусунун, жаңылануунун жана жаратмандыктын жарчысы болуу менен, жалпы адамзат баалуулуктарын — тынчтыкты, гуманизмди жана ынак коңшулукту ичине камтыйт. Бул майрам биздин жалпы мурасыбыз болуп, элдерди жакындатууда маанилүү роль ойноп, мамлекеттер аралык ишенимдүү мамилелерди чыңдоого жардам берет. Бул жаркыраган майрам Сиз үчүн жана Сиздин өлкөнүн бардык эли үчүн кубаныч, бакыт жана гүлдөп-өнүгүү менен белгиленсин!” — деп айтылат Түркмөнстандын президентинин куттуктоосунда.

 

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Бул майрам адамзаттын элдерибиздин маданиятына кошкон баалуу салымы, ошондой эле аруулуктун жана сулуулуктун символу болуп саналат. Нооруз адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап, өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана биримдикти даңазалайт. Элдерибиздин эрки менен биз мындан ары да азербайжан-кыргыз достугун жана өнөктөштүгүн сактоо жана чыңдоо үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшай турганыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт, ишмердигине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн татаал шарттарында эзелтен бери кадырлап келген бул майрамдын жаратмандык руханий башаттары жана идеалдары өзгөчө мааниге ээ болууда. Ноорузга мүнөздүү болгон достуктун жана бир туугандыктын, өз ара урматтоонун жана колдоонун салттары бүгүн бизди тынчтыкты, бакубаттуулукту жана элдерибиздин мыкты келечегин мындан ары бекемдөө үчүн ар тараптуу биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого үндөйт. Биздин өлкөлөр жаңы үмүт жана умтулуулар менен Нооруз майрамынын өчпөс баалуулуктарын карманып, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары да кеңейтип жана өнүктүрөөрүнө ишенем», — деп айтылат Тажикстандын президентинин куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

392