7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмыштарды жашырып жүргөн милициялардын иши сотко өттү

701

Баткен облусунда кылмыш фактысын жашырган милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери сотко өттү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, былтыр, 23-августта Баткен шаарындагы “Мазза” кафесине белгисиз жарандар кирип, садака кутучасынан 5 миң 400 сом жана суусундуктарды уурдап, изин жашырып кетишкен.

Кафени ижарага алып иштеткен жаран милицияга кайрылганда, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге келип, бирок кылмыш жөнүндө арыз алуудан жана аны каттоодон баш тарткан.

Тергөөнүн жыйынтыгында М.Ө., Ы.А. уулу жана Ы.Ж. аттуу милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренеси (“Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу”) менен айыптары угузулуп, негизинен соттун кароосуна жиберилген.

Ошондой эле, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тарткан милиция кызматкерине да кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен иш соттун кароосуна жиберилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702