Баткен облусунда кылмыш фактысын жашырган милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери сотко өттү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, былтыр, 23-августта Баткен шаарындагы “Мазза” кафесине белгисиз жарандар кирип, садака кутучасынан 5 миң 400 сом жана суусундуктарды уурдап, изин жашырып кетишкен.
Кафени ижарага алып иштеткен жаран милицияга кайрылганда, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге келип, бирок кылмыш жөнүндө арыз алуудан жана аны каттоодон баш тарткан.
Тергөөнүн жыйынтыгында М.Ө., Ы.А. уулу жана Ы.Ж. аттуу милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренеси (“Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу”) менен айыптары угузулуп, негизинен соттун кароосуна жиберилген.
Ошондой эле, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тарткан милиция кызматкерине да кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен иш соттун кароосуна жиберилди.