7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Массаж салондорун коркутуп акча алган милиция кызматкерлери

605

Бүгүн, 24-мартта Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери массаждык салондордун ээлеринен аларды “калкалоо үчүн” системалуу түрдө опузалап акча алуу фактысы боюнча кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. кармалды. Алар кылмыштуу сүлөшүүлөргө барып, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан массаждык салондордун ээлеринен акча каражаттарын алуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталган.

Биринчи май РИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаанын массаж салондорунда негизсиз рейддерди жүргүзүшкөн, негизги максат катары аларды “калкалоо үчүн” ай сайын акы алып туруу болгон. Акынын баасы 500дөн 1000 АКШ долларына чейин болгон. Массаждык салондордун ээлери менен Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы өзү сүйлөшүп, өзүнүн кызмат абалын колдонуп, иштеп жаткан бизнесин мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын “акы төлөө” шартын койгон.

Салон ээлери баш тарткан учурда, түшкөн арыздык материалдардын негизинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп, аларды камакка алуу түрүндөгү кесепеттерге алып келет деп коркутушкан.

Акча каражаттарын алуу процессинде бул кызматкерлер ар кандай ыкмаларды, анын ичинде бир жолу колдонулуучу электрондук банк карталарын, ишенимдүү акча алмаштыруу жайларын жана башкаларды колдонушкан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606