24-25-март күндөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Kyzyl-Kiya Open 2023” олимпиадалык таэквондо боюнча Кыргызстандын түштүк аймагынын эл аралык ачык чемпионаты өттү. Аны Баткен районунун Vision таэквондо федерациясы уюштурду. Турнирдин куратору КРнын Таэквондо академиясынын (WT) техникалык директору, 7-Дан эл аралык кара курдун ээси, мастер Ли Кеун До болду.
Ачылышына Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Мирлан Айтматов жана Кызыл-Кыя шаардык спорт комитетинин директору Азизбек Таштемиров катышты. Спортчулардын жалпы саны 500дөй болду.
«Турнир массалык мүнөзү менен гана эмес, мелдештин курчтугу менен да өзгөчөлөндү. Спортчулар мыкты техниканы, чоң эркти жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү — дейт Таэквондо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаев.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, медалдар, Ардак грамоталар жана кубоктор тапшырылды.