7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жашылча-жемиштерди аткезчилик жол менен экспорттоого бөгөт коюлду

532

Тажикстандын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пиязды Тажикстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Кыргызстандын жарандары «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаасы менен кармалышкан.

Пияздын аткезчиликке багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Аталган унаалар «Орто – Боз» чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

533