7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы Исхак Раззаковдун үй-музейине анын портретин белек кылды

375

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун коштоосунда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун үй-музейине барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2005-жылы 85 жылдыгына карата музей катары ачылган үйдө Исхак Раззаков өзү 1950-1961-жылдары жашаган. Анткени ошол учурда ал Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган. Азыркы тапта музейде улуу инсандын өмүр жолун чагылдырган баалуу маалыматтар, архивдик материалдар, колдонгон буюмдары жана эмеректери сакталган. Ошондой эле маданий жайга келгендер кыргыз тарыхына, Исхак Раззаков мамлекетти башкарып турган учурда ишке ашырылган Чоң Чүй каналынын курулушу өңдүү ири долбоорлорго байланышкан уникалдуу фото-материалдар менен тааныша алышат. Мындан тышкары, музейден мамлекеттик ишмердин өзү жазган күндөлүгүн да көрүүгө болот.

Үй-музей менен таанышып чыккан төрага даңазалуу мамлекеттик ишмердин жасаган иштери жалпы кыргыз коомчулугуна үлгү экенин белгилеп: «Өлкөбүздүн тарыхында ушундай улуу инсандар жашап өткөнүн дүйнө эли да билиши керек. Андыктан чет жактардан келген жогорку даражалуу конокторду да ушул музейге ээрчитип келип, Исхак Раззаковдун өмүр жолу жана кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу маалыматтар менен тааныштырышыбыз кажет», — деди.

Ошондой эле төрага маданий жайга мамлекеттик ишмердин портретин белек кылып, Ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376