Баткенде эки унаа кагышып, эки жаран каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук Жол кыймылынын башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2-апрель күнү саат 15:30 чамасында болгон. Ош-Раззаков авто жолунун 149 чакырымында «Тойота-Форранер» үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеде келе жаткан «Опель-вектра» унаасы менен кагылышып, унаалар күйүп кеткен.
Айдоочу менен жүргүнчү каза болгон, Тойота-Форранер унаасындагылар ооруканага жеткирилген.
Учурда тергөө- иштери жүрүүдө.