7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды

480

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскартылып, 259 адамды түздү.

Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр кайра түзүлдү жана бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду.

Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

481