7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарамазан айтып 14 бала кармалды

681

Ош шаарында рамазан айынын келиши менен кайыр сураган жана жарамазанды шылтоо жасап тилемчилик кылган жарандар, жаш балдар кескин көбөйүп кетет.

Ош ШИИБден билдиришкендей, ата-энелери тараптан тиешелүү көзөмөлү жок жаш балдар кечкисин жана түнкүсүн коомдук тамактануучу жайларга баш багышып, жарамазанды шылтоолоп кайыр сураганга өтүп алышууда. Андан сырткары токтой калган машинага жүгүрүшүп, акча сураган учурлары дагы кездешүүдө.

Рейд учурунда түнкүсүн өз алдынча жүргөн 116 өспүрүм аныкталып, алардын ичинен Оштогу балдардын реабилитациялык борборуна 53 өспүрүм алынып келинди. «Жарамазан айтышып» коомдук жайларда жүрүшкөн 14 бала кармалып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682