7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта 130 миң чыгым келтирген мал уурулар кармалды

279

Ноокат районунун аймагында эки баш мал уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-декабрында саат 02:00 чамасында Кожо-Арык айылынын Ж.А. аттуу тургуну Ноокат районунун Кулатов айылындагы сарайынан 2 жана 4 жаштагы букаларын уурдап кеткендиги тууралуу көрсөтмө берип, арыз менен кайрылган.


Буга ылайык Ноокат райондук ички иштер органдары ыкчам-иликтөө жүргүзүшүп, кылмышка шектүүлөрдүн өздүктөрүн аныкташкан. Натыйжада Өзгөн районунун Шерали айылынын 38 жаштагы тургуну Н.К. жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 31 жаштагы У.Э. экени тастыкталды.


«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) 1б пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жоголгон малдын эти Баткен районунун Кызыл-Кыя шаарынын касапканасынан табылды. Жалпы чыгым 130 (жүз отуз) миң сомду түздү», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

280