
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус инфекциясын 417 бейтап жеңип, үйлөрүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 118;
Ош шаары – 43;
Чүй облусу – 95;
Ош облусу – 32;
Талас облусу – 15
Нарын облусу – 8
Ысык-Көл облусу – 38
Жалал-Абад облусу – 41
Баткен облусу – 27
Айыккандардын жалпы саны 70 миң 867 болду.

Ал эми соңку суткада 236 жаран ооруну жуктуруп алганы тастыкталды.
Бишкек шаары — 51;
Ош шаары — 6;
Чүй облусу – 82;
Ош облусу — 9;
Талас облусу — 6;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 47;
Жалал-Абад облусу – 24;
Баткен облусу — 6.
Муну менен өлко боюнча илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 77 миң 910го жетти.

Республиканын медициналык жайларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 4 жаран каза болду. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде кабарлады.
Муну менен илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1316га жетти.