7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамытканов өзгөчө макамга ээ болгон чектеш аймактардагы курулуш иштерин сынга алды

224

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов өзгөчө макамга ээ болгон чектеш аймактардагы калктын турмуш-тиричилигин камсыздаган объекттердеги курулуш иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Белгилесек, мурдараак Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов коопсуздукту камсыздаган, анын ичинде Лейлек жана Баткен райондорунда жайгашкан чек ара заставаларындагы объекттерди барып көргөн.


Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү курулуш иштеринин жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын чек ара инфраструктурасынын айрым обьектилерин жакшыртуу алкагында чечимдердин мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себеби тууралуу маалымат беришти.


Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, бул объектилер Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык жактан маанилүү.

«Стратегиялык жактан маанилүү обьектилердин курулушунун создуктурулушуна жол берилбеши керек. Финансы каражаттары бөлүнгөн, бирок айрым объектилер боюнча 2012-жылдан ушул мезгилге дейре курулуш иштери 50% да аткарылган эмес. Айрым жетекчилердин мындй шаалакылыгы каттаал чараларды көрүүгө аргасыз кылат”, — деп белгиледи Максат Мамытканов.


Ошондой эле ал кошумчалагандай, мындай көйгөйлөрдүн чечилиши аталган чектеш аймактардын тургундарына гана таасирин тийгизбестен, мамлекеттин жалпы аброюн да аныктайт.


“Чек араларды чыңдоо жана чектеш аймактардагы калктын турмуш деңгээлин жакшыртуу – бул Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Кыска мөөнөттө кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды кабыл алып, аталган обьектилерди куруу иштерин улантуу зарыл”, — деди вице-премьер-министр.


Көрсөтүлгөн маселелрди тыкыр талкуулап чыккан соң, жооптуу мамлекеттик органдар аныкталып, тапшырмаларды аткаруу мөөнөтү белгиленди.


Вице-премьер-министр алынган милдеттенмелердин өз мөөнөтүндө аткарылышына өзгөчө басым жасады жана алар аткарылбаган учурда мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата тартиптик мүнөздөгү катаал чаралар кабыл алынарын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

225