7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкерлерин таш бараңга алган өспүрүм балдар

663

Кызыл-Кыяда бейбаштык кылган топ балдардын уюштуруучуларынын бири аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну милицияга арыз менен кайрылып, жол четинде токтоп турган унааларына таш тийип, зыянга учурагандыктарын билдиришкен. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы ээнбаштыкты уюштурганга шектелип 16 жаштагы Р.А. аттуу өспүрүм бала аныкталган. Ал жактоочусунун катышуусунда сурак берип, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 13-апрелде түнкү саат 01:35 чамасында белгисиз балдардын тобу ызы-чуу салып, колдоруна таяк кармап, жол четинде токтоп турган автоунаалардын терезелерин таш менен ургулашкан. Ошондой эле алар жерине барган милиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Ошол эле түнү 14 жаш өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664