Буга чейин Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги бейтап жоголуп, издөөдө жүргөн. Анын жансыз денеси 10-апрель күнү табылды.
Кыйноолорду алдын алуу борборунан маалыматына ылайык, 6-февраль күнү жоголгон бейтаптын денеси мекеменин аймагында жайгашкан балатыга асылып турган жеринен табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал даракта эки айдан ашык илинип турган.
Улуттук борбордун кызматкерлери жана тартылган эксперт Ак-Суу психоневрологиялык стационардык мекемесине барып, мекеменин жетекчилиги жана каза болгон бейтаптын чогуу жашагандары менен жолугуп, окуя болгон жерди карап чыгышкан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.