Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Весмонт шаарында өткөн TYR PRO SERIES Эл аралык мелдешинде экинчи орунду ээледи.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 12-апрель күнү башталган, эртең 15-апрель күнү жыйынтыкталат. Петрашов 100 брасс дистанциясында катышат.
Белгилей кетсек, аталган мелдешти жеңген спортчулар 1-5-август күндөрү Калифорния штатынын Ирвин шаарында өтө турган “Филипс 66” Эл аралык командалык мелдештерине катышуу үчүн квалификациялык жолдомо алат.