7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызматын кыянаттык менен пайдаланган «Достук» бажы кызматкерлери кармалды

225

ЭККМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Каржы полициясы билдирди.


Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы мурда аныкталган тутумдук экономикалык контрабанда фактысынын алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын АБЖО (алдын-ала бажы жол-жоболорунун орду) Достуктун кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана Достук бажы посту аркылуу товарларды контрабанда жолу менен ташып кирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.


Буга чейин, элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды дайыма болуп турган контрабандалык ташып кирүү фактылары аныкталган.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.


Учурда, контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

226