7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов шайлоо процессин таза жана ачык-айкын өткөрүүнү талап кылды

250

Бүгүн, 24-декабрда, Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.


Жыйында президенттик шайлоо өткөрүү учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси, ошондой эле Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралууда.


Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өз сөзүндө 2020-жылы Кыргызстан бүтүндөй дүйнө жүзүндөй эле кыйын жана трагедиялык окуяларга туш болгондугун белгиледи.


«Пандемиянын натыйжасында мамлекеттин бардык олуттуу көйгөйлөрү ачыкталды. Тилекке каршы, биздин 79 миңден ашык жараныбыз ооруга чалдыкты, алардын ичинен 1300дөн ашык адам коронавирустук инфекциянын пандемиясынан улам каза болушту. Терең кайгыруу менен мен биздин элдин чексиз кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтты Талант Мамытов.


Президенттин милдетин аткаруучу коронавирус инфекциясынын пандемиясы мамлекеттик башкаруунун айрым чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде, саламаттык сактоо системасында орун алган көйгөйлөрдү, мезгил талабына ылайык, бул системага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын ачыктагандыгын баса белгиледи.


Ал коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаалды турукташтыруудагы аскер кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын ишмердигин канааттануу менен белгиледи.


Талант Мамытов азыркы учурдагы негизги милдеттердин бири — президенттик шайлоону жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өткөрүү экендигине токтолду.


Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу бул иш-чараларда эл өз келечегин тандай турганын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарды өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырып, мыйзам чегинде гана иш алып барууну талап кылды.


Талант Мамытов белгилегендей, 5-6-октябрь күндөрүндөгү парламенттик шайлоонун адилетсиз жыйынтыгынан улам элдик толкундоолорго жана бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан сабак алуу керек.


Президенттин милдетин аткаруучу эл чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын, андыктан президенттик шайлоо жана референдум таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин, президенттикке талапкерлердин баарына бирдей талаптарды коюу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

251