7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тилек Токтогазиев орун басарын алмаштырды. Ал ким?

394

Бермет Турсалиева Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев маалымат жыйында кабарлады.


Министрдин буга чейинки орун басары Амангелди Исаев кызматынан алынган.
Токтогазиевдин айтымында, Бермет Турсалиева буга чейин айыл чарба тармагында көп иштерди жасаган. «Агрардык платформа» долбоорун жетектеген. Ошондой эле «Тойбос», «Супара» сыяктуу компанияларды брендге айлантууда жардам берген.
Турсалиева англис тилинде эркин сүйлөйт.


Белгилей кетсек, айыл чарба министрлигинде алгачкы жолу аял киши министрдин орун басары болууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

395