7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия дзюдо биримдигинин вице-президенти болуп Жолдошбек Көлбаев кайра шайланды

591

Кувейтте Азия дзюдо биримдигинин кезектеги конгресси болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Конгресске КРнын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти, ошондой эле Дзюдо боюнча борбордук зонасынын вице-президенти Жолдошбек Көлбаев катышты. Ал 4 жылдык мөөнөткө Азия дзюдо биримдигинин вице-президенти болуп кайра шайланды.

Ошондой эле Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдүн федерациялары кирген Борбордук зонанын 2019-жылдын апрелинен 2023-жылга чейинки мезгилдеги иши тууралуу вице-президент Жолдошбек Көлбаевдин отчету угулду.

Азия дзюдо союзунун президентиАль Анзи Обейд, 31 Азия федерациясынын президенттери жана өкүлдөрү жана Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592