Кувейтте Азия дзюдо биримдигинин кезектеги конгресси болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Конгресске КРнын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти, ошондой эле Дзюдо боюнча борбордук зонасынын вице-президенти Жолдошбек Көлбаев катышты. Ал 4 жылдык мөөнөткө Азия дзюдо биримдигинин вице-президенти болуп кайра шайланды.
Ошондой эле Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдүн федерациялары кирген Борбордук зонанын 2019-жылдын апрелинен 2023-жылга чейинки мезгилдеги иши тууралуу вице-президент Жолдошбек Көлбаевдин отчету угулду.
Азия дзюдо союзунун президентиАль Анзи Обейд, 31 Азия федерациясынын президенттери жана өкүлдөрү жана Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер катышты.