7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кытай – Борбордук Азия» ТИМнин 4-жолугушуусунда кандай маселелер талкууланды

371

КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 27-апрелде Сиань (КЭР) шаарында өткөн «Кытай – Борбордук Азия» тышкы иштер министрлеринин 4-жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Кытай менен кызматташуу, региондогу стабилдүүлүк менен коопсуздукту жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү сактоо маселелерин талкуулашты. Тараптар кызматташуунун жалпы кызыгууну жараткан конкреттүү негизги багыттары боюнча механизмдердин жана платформалардын маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары катары айыл чарба, энергетика, транспорт, жашыл жана санариптик экономика, технологиялар сыяктуу чөйрөлөр аныкталды. Мындан тышкары, билим берүү, туризм, илим жана техника жаатындагы алмашууларды кеңейтүү, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо контекстинде маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Бажы, санитардык-карантиндик чөйрөдөгү, ошондой эле жаңы практикалык максаттарга жетүү үчүн «Бир алкак – бир жол» демилгесин илгерилетүү, өз ара соода-сатык жол-жоболорун жеңилдетүү, электрондук коммерцияны кеңейтүү боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгү баса белгиленди. 2023-жылдын май айында боло турган «Кытай – Борбордук Азия» биринчи саммитинин мазмундук бөлүгүн талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери, БУУнун жана ШКУнун алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду. КР Тышкы иштер министри Кулубаев өз сөзүндө «Кытай – Борбордук Азия» кызматташуу форматы Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен ишенимди бекемдөөгө, региондо стабилдүүлүктү камсыздоого жана практикалык кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталууга тийиш экенин белгиледи. Региондун жалпы экономикалык дараметин тастыктоо менен, региондун дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлануусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.

Министр Кулубаевдин пикиринде, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн географиялык жайгашуусу Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европанын ортосунда соода-сатык жана ташууларды ишке ашыруу үчүн маанилүү кургактагы транзиттик зона болууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн транспорттук-логистикалык интеграциялоо деңгээлин жогорулатуу, региондо жаңы транспорттук түйүндөрдү жана коридорлорду түзүү зарыл. Бул жагдайда үч өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн чоң мааниге ээ болгон «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Кытай Эл Республикасы менен экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн эл аралык соода борборлорун түзүү, чек арада алымсыз соода моделин киргизүү, комплекстүү бонд зоналарын (эркин соода зоналарын) түзүү аркылуу чек ара райондорунда соода-сатыкты өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле экология жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу, инновациялар менен жаңы технологияларга жетишүүнү кеңейтүү жаатында өз ара аракеттенүү маанилүү экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Биргелешкен маалыматтык коммюникеге жана «Кытай – Борбордук Азия» саммитинин Сиань декларациясын кароонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюшту.

Иш-чаранын соңунда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифинг уюштурулду. Журналисттердин алдында сүйлөгөн сөзүндө министр төмөнкүлөрдү белгиледи: — «КЭР – Борбордук Азия» форматынын катышуучусу болгон мамлекеттердин баары – жакын кошуналар. Бир өлкөнүн ийгиликтери же көйгөйлөрү – бул бүтүндөй аймактын гүлдөп-өсүшү же региондун өнүгүшү үчүн жалпы тоскоолдук. Бул жаатта биргеликте өнүгүү, аймактын жалпы дараметин толук кандуу ачуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү маанилүү жана мындай аракеттер биргеликте өнүгүп-өсүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстан кызматташтыкты тереңдетүүгө, бекемдөөгө жана белгиленген форматта демилгелер менен идеяларды практика жүзүндө ишке ашырууга кызыкдар. Кыргызстан биздин аянтчаны мындан ары өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнүн бардык маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу үчүн болгон күч-аракетин жумшайт»- деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

372