Буга чейин президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына “Казак-кыргыз арасы” аттуу ыр менен бөлүшүп, пост жазган.
Анда ырдын өзгөчө экенин айтып, «эки элдин ажырагыс бир туугандыгын, тамыры, өзөгү бир эл экендигин даңазалап ырдашыптыр. Сөзү кыргыздыкы болсо, обону казактыкы экен. Казак менен Кыргыз — илгертен бери баштарына түшкөн көп-көп кыйынчылыктарды бирге жеңип келген бир тууган эл»- деген ал.
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровдун бул посту тууралуу үн катты. Ал эки эл тамырлаш, тагдырлаш, кыйынчылыкты бирге жеңип келген эл экенин белгиледи.