7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев ТүркПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

582

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйын Нурланбек Шакиевдин демилгеси менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондорду эскерүү менен башталды. Андан соң төрага быйыл ТүркПАнын түзүлгөнүнө 15 жыл толгонун белгилеп: “Бул жылдар аралыгында көптөгөн долбоорлор даярдалып, ишке ашырылды. Боордош элдердин ынтымагын арттырган демилгелер мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ар дайым колдоого ээ болуп келди”, – деди.

“Ынтымак – бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала – ырыстуу элдин жөрөлгөсү” – деп кыргыз элинде айтылгандай, бүгүнкү шарттарда боордош элдердин ынтымагы тыгыз кызматташтык менен өнөктөштүктүн негизги пайдубалы экени анык. Андыктан, тарыхый байланышыбызга таянуу менен мындан ары да алакабызды арттыруубуз кажет. Биз биргелешкен аракеттер аркылуу гана саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды чыңдай алабыз”, – деп кошумчалады. 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583