7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда окуучуларга жаңы жылдык кечелерди уюштурууга тыюу салынды

266

Жалал-Абад облусунун аймагында жаңы жылга карата милиция тарабынан профилактикалык жумуштар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жарандарды пиротехникалык каражаттарды колдонууда этият болуп, түрдүү кырсыктардын алдын алууга жана алыс болууга чакырып жатышат.

Базар-Коргон РИИБи тарабынан “Укук жана тартип” аталышындагы рейд жүрүп, 350 адамдан турган 70 кожолук текшерүүгө алынды. Ар бир текшерилген кожолукка атайын даярдалган маалымат баракчалары таркатылды. Жергиликтүү тургундарга жаңы жылдык фейерверктерди колдонууда этият болуу керектиги эскертилди. Ошондой эле алардын укуктары жана кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. Аталган рейддин алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бир даана сайсыз ок атуучу куралы жарандар тарабынан өз ыктыяры менен милицияга тапшырылды.

Ал эми Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн жаңы жылдык кечелерди уюштурбоо керектиги эскертилди. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушуп, аларды ар түрдүү кылмыштуулуктан жана кырсыктардан алыс болууга үндөштү. Ата-энелерге өз балдарын көзөмөлгө алуу, түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо жана майрамдык кечелерди уюштуруп бербөө керектиги жеткирилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

267