7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтият: Дмитриевкадагы атышуу учурунда медресе курчоого алынды деген маалымат жалган

628

Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бултууралуу Муфтияттан билдиришти.

“Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалыматты таратышууда. Бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий маалымдайбыз. Окуя Дмитриевка айылындагы «Зулкарнайн» кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда.

Андыктан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн такталган маалыматтарды гана таратууга чакырат”-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629