7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Global sustainable tourism conference» Түркияда өткөрүлдү

439

Түркиянын туризм борбору болгон Анталья шаарында Глобалдык туруктуу туризм конференциясы(Global Sustainable Tourism Conference) өткөрүлдү. Тогузунчу майда башталган эл аралык туристтик жыйын 12-майда жыйынтыкталды.

Маалыматка караганда,  туруктуу туризм жана саякат үчүн дүйнөлүк стандарттарды белгилеген жана анын аткарылышын көзөмөлдөгөн Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши (GSTC) быйылкы конференциясын өткөрүү үчүн атайын Түркияны тандаган. GSTC — бул коммерциялык уюм эмес. Дүйнө боюнча туризм жана саякатты өнүктүрүү багытында иш алып барат. Жыл сайын  туруктуу туризмдин эң актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн дүйнөлүк лидерлер менен түрдүү иш-чараларды өткөрүп турат.

GSTCтин Анталияда өткөн жыйынына, уюмдун  президенти Луиджи Кабрини, башкы директору Рэнди Дурбан, Түркиянын Туризм жана Маданият министри Мехмет Нури Эрсой, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Конференцияда Туризм жана маданият министри Мехмет Нури Эрсой сөз сүйлөп, иш-чаранын Түркияда өтүп жаткандыгына кубанычта экенин билдирди.

«Өлкөнүн туруктуу саякат жана туризмдеги иш-аракеттери муну менен эле чектелбейт. Түркияда көк желектүү пляждардын саны 531ге жетти. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган 19 мурас бар. Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине эң көп катталган үч өлкөнүн арасындабыз. Туризм жана маданиятты өнүктүрүүдө дагы да көптөгөн иштер уланып жатат. 2030-жылга чейин өлкөдөгү бардык туризм объектилери Туруктуу туризм сертификатына ээ болот», — деди Мехмет Нури Эрсой.

Ал эми Глобалдык туруктуу туризм кеңешинин президенти Луиджи Кабрини туризмдин өсүшүнө коркунуч туудурган факторлор дагы деле өзгөрүүсүз калып жатканын билдирди.

“Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери көбүрөөк байкалууда.  Желимдер океан, дарыяларды булгап жатат. Суунун тартыштыгы көбөйүп, биологиялык ар түрдүүлүк азайып баратат. Коомго пайдасынан да зыяны көп делбестен, туризм гүлдөп өнүгүшү керек», — деди Луиджи Кабрини.

Ошондой эле Кабрини да түрк бийлигине,  Түркиянын туризм жетекчилерине улуттук туруктуу туризм планын иштеп чыгуу боюнча дымактуу жана келечектүү план, милдеттенмелери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Глобалдык туруктуу туризм кеңешинин башкы директору Рэнди Дурбан 2023-жылы конференциянын алкагында Түркияда конокто болгонун сыймыктануу менен белгиледи.

«Түркия мамлекетинин Маданият жана туризм министрлиги улуттук туруктуу туризм программасы менен эч коркпой, кетечиктебей иш алып барды. Түркияда жана бүткүл дүйнөдө туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн дүйнөлүк коомчулукту Анталияга алып келгенибизге кубанычтабыз».

Белгилей кетсек, 2022-жылы “GSTC Туруктуу туризм конференциясы” онлайн түрдө  Испаниянын Севилья шаарында өткөрүлгөн. Ага Түркия да катышкан. Конференцияда атайын даярдалган видеороликтер менен Антальянын хостинги таанытылып, Түркиянын Улуттук Туруктуу Туризм программасы боюнча панель көрсөтүлгөн. Жыйында Түркиянын Туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) атайын сунуш киргизип, 2023-жылда болотурган Туруктуу туризм конференциясын Антальяда өткөрүүгө уруксат алган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

440