Сымапты мыйзамсыз сатууга аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде 1987-жылы туулган Кыргызстандын жараны Л.Ш.А. сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5 кг коркунучтуу 1-класстагы уулуу зат табылып алынган.
Учурда кылмышка шериктештерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.