7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арстанбапка бардыңыз беле? Уникалдуу токойдун сырлары

1212

Кыргыз жеринин табигый феномени болгон Арстанбап токоюн көргөн да, көрбөгөн да арманда. Мындай баалуу, табигыйлыгын сактап кала алган ажайып токойлор Кыргызстанда гана кездешет десек болот. Жыш токой жамынган тоолору, жыттуу гүлдөрү,  дарылык касиетке ээ чөптөрү, шылдырап аккан тунук суулары, көңүл сергиткен таза абасы, түристердин көптүгү,  түркүн куштардын сайраган үндөрү Арстанбапка ажайып көрк берип турат. 

Дүйнөдөгү эң чоң, кайталангыс жаңгак токою Арстанбап  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. 1945-жылдан тартып мамлекеттин коругу болуп саналат. 265 миң гектар жерин эле дарактар ээлейт. Орто эсеп менен жылына 3 миң тонна жаңгак, 5 миң тонна алма, 500 тонна мисте жана башка жыйындар жыйналып алынат.

Арстанбап- байыркы мезгилдерде пайда болгон табигый токой. Айрым окумуштуулардын айтуусу боюнча, анын жашы 50 миллион жылдан ашат. Кээ бир жаңгак дарактары миң жылдан ашуун жашта жана алардын ар бири жыл сайын 150 дөн 400 килограммга чейин жаңгак берет. Токойдо жаңгактан башка алма, кайналы, ит мурун, асамуса, ыргай, алча, карагат, шилби, долоно жана башка дарактар өсөт.

Жергиликтүү калк Арстанбап жаңгагы жөнүндө мындай уламыштарды айтып жүрүшөт. Мурунку заманда колбашчы Александр Македонский жоортулда жүрүп, дал ушул жерде жүрүшүн токтотконго мажбур болгон. Себеби азыркы Хожент шаарын басып киргенде жоокерлеринин ичи өтүп, кырыла башташат. Колбашчыдан корккон жергиликтүүлөр ага соогатка жаңгак алып барышат. Жоокерлер жаңгак жеп, оорусунан айыккан соң, ал жоокерлерине токойлордон жаңгак дарактарын алып кетүүнү буйруган. Ошондон улам кыргыз токоюнун жаңгактары «грек жаңгагы» аталып калган делет.

Арстанбап туристтердин сүйүктүү жерлеринин бири. Абасы кычкылтекке бай, жай айы аябай салкын келет жана июлдун орточо температурасы 20 градуска жетет, жаан-чачын көп болот. Эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Токой ичинде эки шаркыратма, тарыхый жерлер, күмбөздөр бар.

Мындан сырткары, Арстанбап туристтик базасы, Арстанбап пансионаты, спорттук лагерлер курулган.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1213