Сириядагы жер титирөөдөн үч ай өткөндөн кийин урандылардын астынан тирүү адам куткарылды. Бул тууралуу Akhbar.fouri жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кишини 16-майда урандыларды талдоодо иштеген сириялык куткаруучулар табышкан. Эркек киши аябай арыктап, сөөктөрү көрүнүп калган.
Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын реабилитациясы узак болот деп айтышууда.
Анын кантип аман калганы азырынча белгисиз.
Эске салсак, февралдын башында Түркия менен Сирияда кыйраткыч жер титирөөлөр болуп, 45 миңден ашуун адам кырсыктан көз жумган.