7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдүн 3 районунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду

714

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына карата кылмыш иши козголгонун УКМКдан билдиришти.

Мамлекеттик нотариустар КР мыйзамдарын одоно бузуу менен нотариалдык келишимдерди каттаган (ар кандай мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним каттарды түзүү (жарактуулук мөөнөтүнө карабастан), анын ичинде ишенимге өткөрүп берүү (унаа башкаруу жана тескөө үчүн ишеним кат, кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним каттар) мурастоо күбөлүктөрүн берүү, кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү (сатып алуу-сатуу келишимдери) боюнча келишимдердин күбөлүктөрү.

27-апрелден 5-майга чейинки мезгилде Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик нотариустарында ыкчам-иликтөө иштери жана санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жасалма ишеним каттар, каттоо журналдар жана кылмыш ишине тиешелүү башка нерселер табылып алынды.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715