Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен экинчи өспүрүмдүн сөөгү табылды.
ӨКМден билдиришкендей, 14-майда Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
«15-май күнү 2009-жылы туулган Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган. Ал эми 2006-жылы туулган баланы издөөгө бүгүн, 18-май күнү да ӨКМден 36 куткаруучу тартылып, саат 14:14тө экинчи өспүрүмдүн сөөгү табылды»- деп берилет маалыматта.