7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «ЕБ – БА» саммити башталды

636

Бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин пезидентинин экинчи жолугушуусу башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«№2 мамлекеттик резиденциясынын» Конгресс-холлуна кирердин алдында президент Садыр Жапаров делегация башчыларынын ар бирин — ЕБ президенти Шарль Мишелди, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин — Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевди жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесовду тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа Кеңешинин президенттин экинчи жолугушуусу өтө турган жыйындар залына киришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637