Базар-Коргон районунда 18 жаштагы жигит айылдын ичин аралап агып өткөн каналга түшүп кеткен торпогун куткарам деп, өзү сууга чөгүп каза болуп калган.
Жалал-Абад ОИИБден билдиришкендей, окуя 31-май күнү болгон.
«Бул окуя Базар-Коргон РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде шек жараткан жаракаттар байкалган эмес. Каза болгон жигиттин жакындары эч кимге доосу жок экендигин айтышып, арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан»- деп берилет маалыматта.