Чүйдө келин жаңы төрөгөн наристесин 100 миң сом жана iPhone»го сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Ысык-Ата райондук милициясына 1998-жылы туулган С.З. аттуу жаран курсактагы баласын сатууга ниеттенүүдө деген маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан жаңы төрөлгөн баланы сатуу боюнча кылмыштуу схема аныкталган.
Тактап айтканда, 2023-жылдын апрель айында 1998-жылы туулган жаран 8 ай кош бойлуу болуп туруп кылмыш жолу менен материалдык пайда көрүү максатында 1996-жылы туулган жаран менен алдын ала сүйлөшүп, ага курсагындагы баланы төрөгөндөн кийин накталай 100 миң сом, «iPhone 12 Pro» маркасындагы уюлдук телефон, Россияга учуп кетүүчү авиа билетке сатууну жана бала төрөлгөн учурга чейин С.З. багуу үчүн камкордукка алууну макулдашкан.
Андан соң Б.Ф. аттуу жаран Ысык-Ата районунун жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкери менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, өзүнө кош бойлуу болгондугу тууралуу жалган карта түздүрүп алган.
20-майда жаран жасалма картада көрсөтүлгөн жарандын ысымын колдонуу менен Ысык-Ата райондук ЖДПБнын төрөт үйүнөн кыз төрөгөн. Милиция кызматкерлери 1998-жылы туулган, 1996-жылы туулган жана дарыгерди тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткиришкен.
Мындан тышкары, аталган аялдан “iPhone 12 Pro” маркасындагы уюлдук телефону далил буюм катары алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүп, кылмыш ишин кароо үчүн сотко жөнөтүү маселеси чечилүүдө.