7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров «Акылсыз Макс» стилиндеги унаа ээлери менен Соң-Көлгө барды

1062

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу менен Соң-Көлдө жолукту.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров дүйнөнүн туш тарабынан келген туристтер Кыргызстандын керемет жерлерин акысыз жарнама кылып берээрин, аны менен туризм тармагы өнүгөөрүн билдирди.

“Ушундай коноктордун Кыргызстанга келип, тоолуу аймактарыбызды, жайлоолорубузду, керемет жерлерибизди көрүп бүт дүйнө жүзүнө таанытат. Муну менен чоң жарнама кылып берип жатат, биз өзүбүздүн меймандостугубузду көрсөтүшүбүз керек”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бул туристтер жөнөкөй туристтерден эмес. Алар дүйнөгө белгилүү ишкерлер жана инвестиция салууга кызыкдар адамдар. Алар белгилүү “Кутурган Макс” (“Безумный Макс”) тасмасынын стилиндеги унаалар боюнча MadWay Rally жарышын Кыргызстанда өткөрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1063