7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШдагы жол кырсыгы. Жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга жиберилет

611

АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга жиберилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Учурда бул маселе боюнча КРнын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн шейшемби күнү жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.

Эскерте кетсек, АКШда жашап жана иштеген кыргызстандык Элнура Молдокадырова социалдык тармактагы баракчасы аркылу 42 жаштагы Б.С. аттуу жарандын трагы башка жүк ташууну унаа менен кагышкандыгын билдирген. Ал Филадельфиядан кетип бара жаткан. Кыргызстандык жаран алган жараатынан улам каза болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

612