7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКнын эки депутаты жасалма диплом үчүн мандатынан ажыратылды

804

Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов мандатынан ажыратылды. Аталган чечим бүгүн, 6-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Алардын диплому жасалмаланганы аныкталган. Билим берүү министрлигинин комиссиясы Алимжановдун диплому одоно мыйзам бузуулар менен берилгенин, ал Кыргызстанда болбогондуктан мамлекеттик экзамендерди тапшырбаганын аныктаган.

Министрдин биринчи орун басары Уланбек Усековдун айтымында, Исмаилов КУУга кабыл алынган эмес.

Белгилей кетсек, Фархат Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен депутат болуп шайланган, ал эми Фарходбек Алимжанов «Альянс» фракциясынын тизмеси менен мандат алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805