7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

«Окуудан чыгарам». КУУнун окутуучусу пара алып жатканда кармалды

693

 Жусап Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган окуу жайдын Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча предметтик-методикалык комиссиясынын окутуучусу тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча ПМКсынын улук окутуучусу А.Ш.Д. окуудан чыгарам деп коркутуп, жогоруда аталган окуу жайдын 1-курсунун студентинен акча талап кылган.

Опузалап акча талап кылуунун негизги шылтоосу жайкы экзамендик сессияга киргизбейм деп коркутуу жана андан кийин окуудан чыгаруу болгон. Сессияга уруксат алуу жана баа койдуруу маселесин чечип берүү үчүн аталган жаран 1-курстун студентинен 25 миң сом талап кылган.

Ал атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган сумманы алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда башка ушул сыяктуу фактыларды жана жабыркаган адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694