7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Унаасын жана 17 миң долларын тартып алган». Көлбаевдин УКТ мүчөсү кармалды

590

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, ИИМдин каттоосунда Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. атту жаран кармалды. Ал 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен жарандан “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп тартып алган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591